Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын энчисине 8 жолдомо чогулду. Казакстандын Астана шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова менен Магомед Мусаев алтын медаль тагынып, ал эми грек-рим күрөшүнөн Мурат Рамонов күмүш байгеге ээ болуу менен олимпиадага катышууга лицензия алышты.
Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүлөрү Арсен Эралиев менен Жанарбек Кенжеев быйыл Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы олимпиадага катышуу укугуна ээ болгон. Астанадагы турнир 18-марттан 20сына чейин уланды.