Республикада спорттун беш түрү боюнча эл аралык фестиваль өтөт
Новость www

Республикада спорттун беш түрү боюнча чоңдор жана жаштар арасында эл аралык фестиваль өтөт. Саамалык "Кыргызстандын бермети" аталышында уюштурулат. Бул туурасында Бирма боксу боюнча федерациядан кабарлашты. 

Кыл чайнашчу таймаш 22-27-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтөрү белгиленди. 

Анда мушкерлер спорттун кикбоксинг, ушу-саньда, пенчак силат, аралаш мушташ жана бирма боксу боюнча күч сынашат. Мелдешке ондон ашык мамлекеттен спорчулардын келиши күтүлүүдө.