Баткенде улуттук күрөш жана волейбол боюнча мелдештин облустук туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Баткен облустук резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектебинин директору Улукбек Рахимов билдирди.
Улуттук күрөш боюнча жыйынтык:
- 1-орун — Баткен району;
- 2-орун — Кадамжай району;
- 3-орун — Лейлек району ээледи.
Кыздар арасындагы волейболдун жыйынтыгы:
- 1-орун — Баткен шаары;
- 2-орун — Баткен району;
- 3-орун — Лейлек району камсыздаса.
Балдар арасында волейболдун жыйынтыгы:
- 1-орун — Лейлек району;
- 2-орун — Кадамжай району;
- 3-орун — Баткен шаары камсыздады.
Спортун 12 түрү боюнча уюштурулган мелдештер 14-апрелден 23-апрелге чейин өттү. Ордо боюнча мелдешке 2 эле команда катышып, 1-орунду Баткен району, 2-орунду Лейлек району камсыздады.