Бишкек шаарында кикбоксинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Саамалык 25-27-март күндөрү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. Аталган мелдештин жеңүүчүлөрү Азия чемпионатына жана Дүйнө кубогуна катышуу үчүн курама командага кошулушат. Таймашка 18 жаштан жогоркулар катышат. Анда 12 салмак чен бирдигинде спортчулар күч сынашат.