Таласта тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Мелдештин башкы максаты, аталган спорт түрүн элге жайылтуу болуп саналат. Ага өлкө аймактарынан келген 180 спортчу катышууда. Мелдеш 1-апрелге чейин уланат. Аталган саамалыкты уюштуруу үчүн Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан 706 миң сом бөлүнгөн.
Таласта тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
24 Март 2016
, 6:28
2986