Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Тажикстанды 1:0 эсеп катыштыгында утуп, 3 упайды эсебине жазды. Жалгыз голду чабуулчу Виталий Люкс 18-мүнөттө киргизди. Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө тажик тарап тез гол жаратууга аракет кылышып, чабуулдарды байма-бай уюштурушту. Бирок дарбазачы Павел Матяж жана коргоочулар ал аракетти жокко чыгарды. Люкстун голунан соң Тажикстан курамасынын топко ээлик кылуусу солгундап, коргонууга өтүштү. Ошентип оюн убактысы аяктап, калыстын ышкырыгы жаңырды.
MEDIA1RIGHTБул беттеш 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өттү. Кыргызстан жайгашкан “В” тайпасынын мелдеш жадыбалында 1-орунда Австралия 21 упай, 2-сапта Иордания 16, Кыргызстан 14, Тажикистан 5 жана Бангладеш 1 упайга ээ.
Белгилей кетсек, тайпада 3-орунда жазылган Кыргызстан курамасы 2019-жылы боло турган Азия кубогунун үчүнчү баскычтагы тандоо оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Демек бүйүрдү кызыткан беттештер али алдыда.
Усубалы Мамбетов, "Биринчи радио"