Кыргызстандык теннисчилер эл аралык турнирде байге жеңип алышты
Новость www

Кыргызстандык теннисчилер Ксения Палкина менен Саара Кунакунова Азербайжанда өткөн эл аралык турнирде баш байгени жеңип алышты. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Баку шаарында өткөн мелдешке 15 өлкөдөн жалпысынан 55 спортчу катышкан. Жекече беттеште, Палкина 2-орунду ээлесе, Кунакунова 3-орунду камсыздай алды. Ал эми жуптук беттеште кыргызстандык спортчулар атаандаштарынан алдыга озуп, баш байгени жеңип алышты.