Азия оюндарына катыша турган дзюдочулардын командасы аныкталды
Новость

Азия оюндарына барып катыша турган дзюдо боюнча курама команда аныкталды. Дзюдо федерациясынан билдиришкендей, мелдешке ар кандай салмак чениндеги алты спортчу катышат. 

Алар: Отар Бестаев — 60 килограмм; Артур Тё — 66 килограм; Бектур Рысмамбетов — 73 килограмм; Владимир Золоев — 81 килограмм; Фарух Булекулов — 90 килограмм жана Болот Токтогонов — 100дөн өйдө. 

Спортчулардын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов, машыктыруучусу - Сергей Мистрюков. Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт. Анын ичинде дзюдо боюнча кармаштар 29-августтан 1-сентябрга чейин болмокчу