Көк бөрү боюнча президенттин кубогунда 12 курама команда күч сынашат. Жыл сайын уюштурулуп келген таймаштын оюндары Бишкектеги “Аккула” ат майданында өтөт. Турнир 24- августта башталып, 30-августка чейин уланат. Эске салсак, былтыр Ош облусунун “Достук” курамасы президенттин кубогун жеңип, чемпион аталган.
Көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт
17 Авг 2018
, 5:16
4481