Тыныбекова Азия оюндарында күмүш медаль тагынды
Новость

Индонезияда жайкы Азия оюндары улантылып жатат. Оюндардын 2-күнүндө — бүгүн, 20-августта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакка чейинкилер арасында финалга жеткен. 

Ал финалда моңголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, 0:11 эсебинде жеңишти алдырды.