POST1RIGHT
Өлкөбүздө алгачкы жолу өткөн кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча өлкө кубогун Жети-Өгүз командасы утуп алды. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымдады. Маалыматка ылайык оюн Ысык-Көлдүн Боз-Бешик айылында өттү.
Өлкө кубогунун алкагында 7 команда байгелүү орундар үчүн күч сынашып, 2 тайпага бөлүнгөн. Жети дубандын футболчулары катышкан бул оюндун финалында Жети-Өгүз менен Бишкек командалары кез келишип, жыйынтыгында Жети-Өгүздүн футбол командасы 7:2 эсебинде жеңишке ээ болду. Муну менен Жети-Өгүз командасы өлкөбүздө алгачкы жолу өткөн кум жээгинде ойнолуучу футбол боюнча өлкөнүн кубогун утуп алды.