Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган кыргыз балбандары аныкталды
Новость KTRK/videograp

Румынияда өтө турган эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан беш спортчу барары белгилүү болду. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты. 

Мелдеш Бухарест шаарында 16-18-ноябрь күндөрү өтүп, анда 10 топтом медаль ойнотулат. Кыргызстандан бул турнирге балбандар Алмаз Сманбеков, Улукбек Жолдошбеков, Нургазы Абдыразаков, Исламбек Орозбеков, Бекжан Жамбулов жана машыктыруучу Исламбек Тазабеков барат.