Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган каратэ-до боюнча балдар арасындагы республикалык ачык мелдеш аяктап, алдыңкы командалар аныкталды. Жыйынтыгында Ош шаары жалпы эсепте экинчи орунду камсыздаган.
Ош шаардык каратэ федерациясынын жетекчиси Бекмурза Эргешовдун айтымында, Ош шаарынын 10 спортчусу 1-орунду ээледи.
«Бишкек шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата каратэ-до боюнча республикалык ачык мелдеш болуп, анда биздин спортчулар жалпы эсепте 2-орунду алышты. Ал эми 10 спортчу 1-орунду, 9 бала 2-орунду, 4 спортчу 3-орунду ээледи», - деди Б.Эргешов.
Ал эми командалык эсепте 1-орунду Бишкек шаарынын жаш спортчулары камсыздаган.