Бишкекте дуатлон боюнча ачык чемпионат старт алды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Эски аянтта жыл сайын өтчү дуатлон боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты старт алды. Ага түрдүү курактагы 170ге жакын каалоочулар катышты. 

Дуатлон - аралыкка чуркоо жана велосипед тебүүдөн турган комплекстүү жарыш түрү. Катышуучулар алгач 5 чакырымга чуркап, андан соң 20 чакырымды велосипед менен басып өтүштү. Жарыштын соңку, 2,5 чакырымдык бөлүгү кайрадан чуркоо менен жыйынтыкталды. Марадан өтүп, аралыкты жыйынтыктаган ар бир катышуучуга медалдар берилип, убагы боюнча биринчилерден болуп келгендерге сыйлыктар тапшырылды.