Кыргызстандын командасы Россиядагы көк бөрү боюнча эл аралык турнирден жеңди
Новость www

POST1RIGHT Көк бөрү боюнча кыргызстандык команда Россиядагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды. Чыңгыз Айтматовдун кубогуна арналган көк бөрү боюнча эл аралык турнир  12-июнда Сергиев Посад шаарында өттү. Анда  Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн командалары күч сынашты.  Кыргызстандан «Атуул» командасы  жарым финалда Москва командасын утуп алды.  Финалдык  таймашта   Тажикстан командасын 6:1 эсеби менен жеңди.