Моңголиянын президенти кыргызстандык дзюдочуларды коноко чакырды
Новость gov.kg

Моңголиянын президенти Халтмаагийн БаттулгаКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрүн чогуу машыгууга чакырды. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Бишкек шаарында 13-июнда Халтмаагийн Баттулга менен федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаев жолугушуп, Кыргызстан менен Моңголиянын дзюдо федерацияларынын кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

«Моңголиянын президенти, ошол эле учурда Моңголиянын дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүн 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына чогуу даярданууга чакырды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ж.Көлбаев 68-ёкодзун (сумо боюнча жогорку наам) Долгорсурэнгийн Дагвадорж менен жолугушту.