Даврон Маразыков джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпиону болду
Новость www

POST1RIGHT Кыргызстандык спортчу Даврон Маразыков   Москва шаарында джиу-джитсу боюнча  өткөн  эл аралык турнирде  дүйнө чемпиону аталды. Мелдештер  13-14 июлда  өттү.

 Анда Маразаков  60 кг салмакка чейин  “Master 1” категориясында күч сынашкан. Жаштар арасында Мирлан Матказиев  дүйнө чемпиону аталса, 27 кг салмакка чейинки спортчулар арасында Умар Марасулов женишке жеткен. 

Мындан тышкары Кыргыз спортчулары 4 күмүш, 3 коло медалга ээ болушту. Аталган турнирде жалпысынан Кыргызстандын атынан 39 спортчу катышкан.