Бишкектин хоккей командасы Чехиядан эл аралык турнирде экинчи жолу жеңишке жетти
Новость Sport AKIpress

Бишкек шаарынын хоккей боюнча командасы Чехиядагы балдар арасындагы эл аралык турнирде экинчи жолу жеңишке жетти. 

Мелдеш 21-июлда 5 команданын катышуусунда Писек шаарында башталган.  Регламент боюнча, командалар бир айлампа ойноп, эң көп упай топтогон тайпа жеңүүчү болот. 

Кыргызстандык хоккейчилер экинчи турда чехиялык команда (HC Veselí nad Lužnicí) менен беттешип, 9:1 эсебинде жеңишке жетти.  Биринчи турда  дагы  Кыргызстандын командасы германиялык хоккейчилер менен беттешип, 10:6 эсебинде жеңишке жеткен .