Дзюдочу Ч.Сагыналиев Азия чемпионатында алтын тагынды
Новость

POST1RIGHT

Кыргызстандык спортчу Чыңгыз Сагыналиев Кытайдын Тайбэй шаарында  өтүп жаткан дзюдо боюнча мелдеште алтын медаль тагынды.

Мекендешибиз жаш өспүрүмдөр арасында 60 кг салмакка чейинки категорияда 1-орунга ээ болуп, Азия жана Океаниянын жаңы чемпиону аталды. Сагыналиев финалда автралиялык мушкер Жордон Гринбанкты 4:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда Монголиянын спортчусу Булгантамир Даваадоржду уткан.

Спортчу Ирандын балбаны Аболфазлом Иссазаеини 1 мүнөт 25 секундда жеңип, алтын медаль тагынды. Буга чейин 55кг салмактык категориясында Ханболот Ырысбеков, ал эми 50кг салмакка чейинки мелдеште Муса Шабданбеков коло медалга ээ болушкан.