1986-жылы ашар ыкмасында курулган Ноокендин Масы айылындагы борбордук стадион баштан аяк оңдолууда. Реконструкциялоого - 18 млн 135 миң сом каражат талап кылынат.
Мунун 10 млн сомун Ноокен райондук өнүктүрүү фонду бөлсө, 5,5 млн каражатты Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган каражат Масы айыл аймагынын бюджетинен каралган.
Азыр жумуштун 80 пайызы жыйынтыкталды. Стадионду жергиликтүү элге 31-август эгемендик майрамына карата пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.