Дүйнө кубогунда кыргызстандык үй-бүлө төрт медаль утту
Новость www

WPF версиясындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстандык үй-бүлө төрт медаль утуп алды. Турнир 24-25-август күндөрү Москва шаарында өттү. Жеңиш үчүн 10 мамлекеттин өкүлдөрү күч сынашты. 

Алардын катарында Кыргызстандан барган Евченковдордун үй-бүлөсү да катышты. Александр экинчи оорунду камсыздаса, анын жубайы Екатерина жана уулдары Даниил менен Давид өз категорияларында чемпион болушту. Екатерина Евченкова 27 жарым килограмм салмактагы штанганы 84 жолу көтөрүп, дүйнөлүк рекорд койду.