Оренбургдагы эл аралык "Борбор-2019" биргелешкен аскер машыгуулары жыйынтыкталды
Новость

POST1RIGHT

Бүгүн Россиянын Оренбург облусунда  эл аралык "Борбор-2019"  биргелешкен аскер машыгуулары жыйынтыкталды. Ири аскердик иш чарага Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан Кытай, Индия менен Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери катышты. Машыгуулардын башкы максаты мамлекеттер ортосундагы аскердик байланыштарды бекемдөө. Владимир Путиндин чакыруусу менен Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Оренбург облусуна жумуш сапары менен барып, Россиянын Президенти менен бирге аскердик машыгууларга чогу байкоо салды.