Өзгөндө кичи футбол боюнча достук мелдеши өттү
Новость

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жаштар арасында кичи футбол боюнча достук мелдеши өттү. Бул тууралуу турнирге катышкан Азиз Мавлянов билдирди.

Анын айтымында, демөөрчүлөр тарабынан байгеге 40 миң сом коюлган. Өзгөн району боюнча жалпы 20 команда күч сынашкан.