Мирлан Мурзаев "Дордой" футбол клубуна кайтып келди
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев июль айында “Дордой” командасы менен коштошуп, Түндүк Кипрдин командасы менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Бирок 2 айдан кийин эле Мурзаев бул келишимден баш тартып, "Дордойго" кайтып келди. 

Кыргыз премьер-лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин чемпиондугу эл аралык футбол федерациясы тарабынан таанылган эмес. Өз үйүнө кайтып келген Мурзаев 15-сентябрда 21-турдагы оюндун алкагында "Алай" менен беттеште старттык курамда чыккан. 

“Элдик классико” аталган бул оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Мурзаев быйылкы мезгилде "Дордой" футбол клубунун катарында Кыргыз премьер-лигасында 15 оюн өткөрүп, 6 гол киргизгенге жетишти.