POST1RIGHT
Кыргызстандык спортчулар каратэ боюнча ачык Азия чемпионатында төрт медалга илиништи. Бул тууралуу команданын өкүлү Евгений Токсабаев билдирди. Турнир 28-29-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өттү. Медалдар “фулл-контакт” жана “ашихара каратэ” бөлүмдөрүндө ойнотулду.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Туркмөнстан, Туркия жана Өзбекстандан спортчулар катышты. Кыргызстандын намысын коргоого төрт спортчу барып, баары жеңишке ээ болушту. “Фулл-контакт” бөлүмүндө Эмиль Акматов жана Абдуль-Азиз Полтаев өздөрүнүн салмактык категориясы боюнча күмүш, Роман Гура коло, ал эми “ашихара каратэ” бөлүмүндө Валентина Благодарова күмүштү камсыздашты. Жалпы командалык оюнда Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду ээледи.