Ахметов Орусия курамасына Евро-2020 турниринин тандап алуу туруна чакырылды
Новость

POST1RIGHT

Кыргызстандык футболчу Ильзат Ахметов Орусия командасынын курамында Евро-2020 турниринин тандап алуу туруна чакырылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда. Аталган мелдеште Станислав Черчесовдун командасы 10-октябрда Шотландия менен, 13-октябрда Кипр менен оюн өткөрөт. 

6 турдан турган оюндун жыйынтыгында Орусия курама командасы 15 упай алып, Белгияны 3 упайга артта калтырып, 2-орунду камсыздоого жетишти. Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Ильзат Ахметов команданын негизги курамы менен Евро-2020 турниринин тандоо этабында Бельгиянын курамасына каршы ойногон.