Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинин экинчи жооптук оюнунда «Бавария» «Атлетико Мадрид» клубтары кез келди. Оюндун 1-таймында топко «Бавариянын» оюнчулары ээлик кылышып, атаандашынын дарбазасын көздөй байма-бай чабуулдарды уюштурууга жетишти. Бирок «Атлетико» коргонууда мыкты ойноп, чабуулдардын мизин кайтарууга жетишти. Беттештин 31-мүнөтүндө «Бавариянын» жарым коргоочусу Хаби Алонсо айып тобун тебүүдө гол жаратты. Ал эми 34-мүнөттө немистердин чабуулчусу Томас Мюллер 11 метрлик айып соккусун тепкени менен, дарбазачы Ян Облак топту тосуп алды. Ошентип 1-тайм 1:0 эсеп катыштыгында аяктады.
2-таймдын башталышы менен «Атлетико Мадрид» чабуулда жандананып, бирок топту өз көзөмөлүнө сактай алышкан жок. Беттештин 53-мүнөтүндө чабуулчу Антуан Гризманн немистердин дарбазасына топту кадады. Ал эми 74-мүнөттө Роберт Левандовски башы менен сүзүп гол жаратты. Калыстын катачылыгы менен «Бавариянын» дарбазасына каршы 11 метрлик айып соккусу белгиленгени менен, Фернандо Торрес гол киргизе алган жок. Мануэль Нойер анын тепкен тобун тосуп алды. Ошентип оюн убактысы аяктап, калыстын ышкырыгы жаңырды. Эки беттештин эсебин эске алганда, «Атлетико Мадрид» Чемпиондор Лигасынын финалына жолдомо алды.
Башкы машыктыруучулар: Хосеп Гвардиола («Бавария»), Диего Симеоне («Атлетико»)
Стадион: Альянц-Арена (Мюнхен, Германия), 75000 күйөрман батат.
Башкы калыс: Джюнейт Чакыр (Стамбул, Түркия)
Ассистент: Мехмет Джем Сатман (Анкара, Түркия)
Ассистент: Тарык Онгун (Стамбул, Түркия)
Резервдеги калыс: Серкан Ок (Стамбул, Түркия)
Усубалы Мамбетов, "Биринчи радио"