Бүгүн Чолпон-Ата шаарында дзюдо боюнча Азия Кубогу башталат
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 3-октябрдан 6-октябрга чейин дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия Кубогу өтөт. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеште атамекендик спортчулардан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Түркия, Непал жана Сауд Арабиядан келген 250 дөн ашык спортчу күч сынашат. Анда 32 топтом медаль ойнотулат.