Күрөш: Дүйнө биринчилигинде Бердикул Караев күмүш медаль тагынды
Новость

POST1RIGHT

Грузиянын Тбилиси шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргыз балбаны Бердикул Караев күмүш медалга ээ болду.

Караев грек-рим күрөшү боюнча 88 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Ал чейрек финалда венгриялык Лазло Сзейтл менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңген.

 Жарым финалда ирандык балбанды жеңип, финалга аттанган. Ал эми, финалда Германия өлкөсүнүн спортчусу Вилхелм Шредер менен беттешти. Шредер беттеште 5:0 эсебинде утуп алып, жыйынтыгында Караев күмүш медалга ээ болду.