Спортчу Дастан Шаршеев Стамбулда өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев аралаш мушташ боюнча эл аралык Abadan FC 9 мелдешинде жеңүүчү аталды. Маалыматка ылайык, турнир Түркиянын Стамбул шаарында 22-декабрда өттү. 

Программада 13 беттеш орун алган. Дастан Шаршеев Беларус спортчусу Александр Михайлин менен күч сынашып, алгачкы мүнөттөрдө атаандашын жеңип чыккан.