Спортчу К.Сабитов ат оюндары боюнча мелдеште эки алтын медалды камсыздады
Новость www

Кыргызстандык спортчу Камиль Сабитов Катардагы эл аралык ат оюндары боюнча мелдеште эки алтын медалды камсыздады. “Орто байге” эрежеси боюнча жалпы 54 спортчу катышты. Сабитов Quintendro (Гуинтендро) деген жылкысы менен 49,7 секундада берилген аралыкты өтүп, 65 упай топтой алды. 

Башка спортчулар да ушундай упайга ээ болушкан, бирок убактысынан артта калышты. Сабитов аралыкты өтүү үчүн жалпы 71, 16 секунд коротуп, бир да жолу эрежени бузган эмес. Өзүнүн жеңиши үчүн атамекендик спортчу 3 миң 700 доллар тапты.