IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз ойнолот
Новость KTRK/videograp

Быйыл Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарында көк бөрү тай казаны жок ойнолмой болду. 

Мындай чечим Түркияда болгон Этно оюндар конфедерациясынын жыйынында кабыл алынды. Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистандан өкүлдөр катышты. Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса аймагынын Изник шаарында өтөөрү белгилүү болгон.