Дем алыш күндөрү “Ашуу Гран При Кемин” аталышындагы вело жүрүш өттү. Ага бир гана жергиликтүү тургундар эмес, казактар, немецтер жана грузиндер катышты. Узак чакырымды камтыган веложүрүш Кемин менен Калмак Ашуунун кооз жолунда болду.
Ишембинин таңы Кемин шаарчасында жандуу башталды. Төрт мамлекеттен келген 60тай велосипедчи эртең менен эрте Кеминге чогулушту. Алар жыл сайын өтүп, салт болуп калган “Ашу гранд При Кемин” иш-чарасына катышууга келишкен. Велосипед миңгендерди алдыда 35 чакырымдык жүрүш күтүп турду.
POST1RIGHT
Катышуучулардын жаш курактары да ар кандай. Эң улуусу 65 жашта болсо, 10 жаштагы Элдияр Сыдыков да жүрүшкө катышканы келген. Ал да чоң адамдар менен кошо маршрутта белгиленген баардык жолду басып өттү.
Жүрүшкө чыккандар кичине тыным алган соң, эки дөңгөлөктүү транспорту менен кайрадан жолун улады. Жашыл айланалуу жолдо велосипед менен сейилдөө бир чети ден соолукка пайда болсо, экинчиси эргүү тартуулайт дешет катышуучулар.
Белгилүү вело спортту сүйүүчүлөрдүн бири КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков. Ал бүгүн кеңседеги иш костюмду таштап, 35 чакырымдык узундукту эки дөңгөлөктүү арабасы менен басып өттү.
Былтыр веложүрүшкө катышууга 51 киши келсе, быйыл 61 болдук. 10 киши абдан деле чоң көрсөткүч эмес. Бирок бул да болсо бизди кубандырат. Кыргызстанда акыркы кездерде велоспортту сүйүүчүлөр көбөйүп бара жатат.
Веложүрүштүн соңунда кызыккандар үчүн жарыш өттү. Мырзалар 41 чакырымга, ал эми айымдар 21 чакырымга жарышты.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118