Талант Дүйшөбаевдин командасы ПСЖ клубун жеңип алды
Новость

Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин командасы польшалык "Виве Кельче" Чемпиондор Лигасынын алкагында гандбол боюнча төртүнчү жеңишке жетишти.

Тайпалык раунддун 5-турунун беттешинде польшалык клуб франциянын ПСЖ  командасын кабыл алып, 35:33 эсебинде жеңишке жетишти.

 Аталган оюнда башкы машыктыруучунун уулу Алекс Дүйшөбаев 8 гол киргизди.

5 -турдун жыйынтыгында "Виве Кельче" 8 упай топтоп, турнирдик таблицада 1-орунду ээлеп турат.

29-октябрда Дүйшөбаевдин командасы "Порту" менен беттешет.