Ильзат Ахметовдун голу “ЦСКА” командасын Россия Кубогунун чейрек финалына алып чыкты
Новость

Москванын “ЦСКА” клубу  футбол боюнча Россия Кубогунун чейрек финалына чыкты.

21-февралда 1/8 финалда “ЦСКА” командасы “СКА-Хабаровск” менен беттешип, 2: 0 эсебинде жеңишке жетишти. 39-мүнөттө жеңиш голунун автору кыргызстандык  Илзат Ахметов болду.

«Мен гол киргизгениме жана команда жеңишке жеткенине кубанычтамын. Чемпионатка жакшы маанайда даярданабыз ”, - деди Ахметов оюндан кийин.