Кыргызстан менен Казакстан жолдоштук беттеш өткөрөт
Новость

Футбол боюнча Казакстандын курама командасы менен  Кыргызстан курамасы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу KazFootball.kz басылмасынын кабарчысы билдирди.

Беттеш 24-мартта Нур-Султан шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, 28-мартта Казакстандын курама командасы 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын квалификациясынын алкагында өз үйүндө Франция курама командасы менен беттешсе, 31-мартта Талгат Байсуфиновдун тарбиялануучулары Украина менен конокто кезигет.  

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы акыркы беттешин 2019-жылы 19-ноябрда Бишкек шаарында Тажикстанга каршы өткөрүп, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аякатаган.