Ош шаарында самбо боюнча республикалык мелдеш өтүүдө
Новость

Ош шаарында самбо боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат. Ага Ош, Бишкек шаарлары жана 7 облустун спортчулары катышууда. Республикалык деңгээлдеги чемпионатта жалпысынан 400дөн ашуун балбан күч сынашып жатат. 

2 күнгө созулган мелдеште спортчулар 64, 71, 77, 88, 90 килограмм жана андан жогорку салмактагылар килемге чыгышты. Жеңүүчүлөр алдыдагы эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргошот.