Денис Петрашов эл аралык «Turkcell Istanbul Open» мелдешине катышат
Новость

Сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 19-21-март күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өтө турган эл аралык «Turkcell Istambul Open» мелдешине катышат. 

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат. 

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 17-марттан 22-мартка чейин  Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен Стамбул шаарына жөнөтүлдү.