Түркияда орозо кармаган оюнчулар ооз ачып алуусу үчүн футболдук беттеш токтотулду
Новость

Футбол боюнча Түркия чемпионатынын биринчи дивизионундагы “Гиресунспор”-“Кечиоренгюджю” оюну 11-мүнөттө токтотулду.

Кыска тыныгууда Ыйык Рамазан айына байланыштуу орозо кармаган командалардын футболчулары суу ичип, жеңил тамактанганга жетишти.

Көпчүлүк футбол күйөрмандары бул окуяга алкыш айтып, интернетте талкуу болуп жатат.