Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды
Новость

Кыргызстандык спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 25-апрелде фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия-Тынч океан квалификациялык мелдешинде күч сынашып, 1-орунду ээлеген. 

Муну менен спортчу Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды.