Суучул Денис Петрашов эл аралык мелдеште коло медаль жеңип алды
Новость

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 32чи жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында лицензиялык “Маре Нострум” эл аралык мелдешинин этаптарына катышып, брасс түрү боюнча 100 метр аралыктан коло медаль жеңип алды.

Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 29-30-май күндөрү Монте-Карло шаарында өткөн.

Белгилей кетсек, Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомону 2019-жылы жеңип алган.