Алимардан Абдыкааров Open FC чемпиондук титулун жеңип алды
Новость

Кыргызстандык мушкер Алимардан Абдыкааров Open Fighting Championship уюмунун чемпиондук титулун жеңип алды. 

Open FC 8 Гран-при мелдешинин финалы 14-август күнү Бишкек шаарында болуп өттү.

Финалдык беттеште Алимардан Абдыкааров армениялык Айк Казарян менен жолугуп, 3-раундда техникалык нокаут менен жеңип алды.Абдыкааров чемпиондук курдан сырткары, 1 миллион рубль акчалай сыйлык алды.