2023-жылдын экинчи бөлүгүндө Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруунун алкагында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын күрөш залын куруу пландалууда.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы №686-токтому менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу планында айтылат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Спорттук курулуштарды башкаруу жана спортту колдоо” мамлекеттик мекемеси, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” мекемеси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы борбор тарабынан ишке ашырылат. Долбоордун баасы 33,4 млн сомду түзөт.