Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынын финалында
Новость

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Ал 61 кг ченде күч сынашып, өз жолун 1/4 финалдан баштаган.

Жарым финалда Жумашбек ирандык Ясин Аббас Резаигузголехти 11:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу Кытай өкүлү Liu Minghu менен жолугат.

Финалдык беттештер КТРК Спорт телеканалынын түз эфиринде 18:00дө көрө аласыз.