Дүйнө чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу индиялык атаандашын утуп, чейрек финалга чыкты
Новость

Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу мыкты оюн көрсөтүүдө.

Ал 61 кг салмак категориясында 1/16 финалда йемендик Ибрагим Гузанды 10:0 эсебинде жеңип, кийинки айлампага чыкты.

Андан соң 1/8 финалда индиялык балбан Удит менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Эми Тайырбек Жумашбек уулу 1/4 финалда америкалык Джаксен Патрик Форрест менен күч сынашат.