Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын балбаны Тайырбек Жумашбек уулу чейрек финалда америкалык атаандашы Джаксен Патрик Форрестке 8:13 эсебинде утулуп калды.
61 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык спортчу буга чейин 1/16 финалда йемендик Ибрагим Гузанды 10:0 эсебинде жеңип, кийинки айлампага чыккан.
Андан соң 1/8 финалда индиялык балбан Удитти 2:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алган.