Боордош казак элинин 21 жаштагы спортчусу Михаил Шайдоров 2026 жылкы XXV Кышкы Олимпиада оюндарынын алтын медалын жеңип алды.
Михаил Шайдоров 2004-жылы Алматыда төрөлгөн. Ал 2020-2024 жылдары беш жолку Казакстан чемпиону болгон. Ал эми 2022-жылкы дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыса, 2025-жылы Азия оюндарынын, ошондой эле дүйнө чемпионатынын коло медалдарын алган.
Белгилей кетсек, Шайдоров Казакстандын тарыхында муз үстүндө бийлөө боюнча Кышкы Олимпиадада алтын медаль уткан экинчи спортчу.