Жашоосунда биринчи жолу кар көргөн спортчу
Новость

Кышкы Олимп оюндарында биринчи жолу карды көргөн спортчу - кениялык мурдагы жөө күлүк Филип Бойт. Ал алгачкы жолу 1998-жылы Япониянын Нагано шаарында өткөн Кышкы олимпиадага лыжа менен жарышуу спорт түрү менен катышкан.

Үйүндө ал топурактын үстүндө эле лыжанын таякчалары менен даярданган. Спортчу 10 км аралыка лыжа менен жарышууда акыркы болуп келген. Бирок күйөрмандар аны туруп күтүп алышкан. Ал эми чемпион Бьёрн Дэли финиште Бойтту күтүп, кол алышкан. 

Бул  олимпиада медалдын гана эмес, баатырдыктын символу экенин тастыктаган.

Белгилей кетсек, Филип Бойт 2002- жылы Солт-Лейк-Сити жана 2006-жылы Турин шаарында өткөн Кышкы Олимп оюндарына да катышкан.