Кыргызстандык лыжачылар олимпиаданы кандай жыйынтыкташты?
Новость

XXV Кышкы Олимп оюндарында лыжа спорту боюнча эркин стильдеги жарышта Кыргызстандык спортчу Артур Сапарбеков 105-старт номери менен чыккан. Ал 27 мүнөт 46,9 секундда финишке жеттип, 113 спортчунун арасынан 103-орунду ээледи. Буга чейин Сапарбеков спринттик жарышка катышып, 94 лыжачынын арасынан 94-орунду ээлеген.

Ал эми слалом жарышына катышкан Тимур Шакиров 16-февралдагы мелдешке 84-старт номери менен катышып, финишке жетпей, дистанциядан чыкты. Биринчи аракетте катышкан спортчулардын көбү финишке чыга алган жок. Алардын ичинде 14-февралда слалом-гигантта 1-орунду алган Бразилиялык Олимпиада чемпиону Лукас Пиньейро Бротен да бар.

Ошентип, Тимур Шакиров слалом жарышында медаль утудан ажырады. Эскерте кетсек, ал мурда гигант слаломдо 62-орунду ээлеген.