Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында спорт тарыхында биринчи жолу эне-бала бир мелдештин алкагында күч сынашты. Бул тууралуу Известия кабарлады.
Мексикалык тоо лыжачы, 46 жаштагы Сара Шлепер гигант слалом боюнча жарышка катышса, анын 18 жаштагы уулу Лассе Гахиола слалом жана гигант слалом дисциплиналарында Олимпиадага алгачкы жолу катышкан.
Мындан тышкары, Сара Шлепер Олимпиадага 7 ирээт катышып, мелдешке эң көп катышкан аял тоо лыжачысы болуп, ошондой эле бул спорт түрүндө Олимпиада тарыхындагы эң улуу курактагы спортчу катары катталды.